
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 28 заседаниесинин
ТОКТОМУ
Жаңы-Алай айылы № 28/1 19.08.2019-жыл
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жарым жылдыкта аткарган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 28 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
• Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын.
• Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын негизинде иш алып баруу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
. • Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: Ө. Акбашов