
Жаны-Алай айылдык Кенешинин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезектеги
41 заседаниесинин
ТОКТОМУ
Жаны-Алай айылы. № 41/128-декабрь 2020-жыл
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жылдын жыйынтыгы жөнүндө
Жаны-Алай айыл өкмөтунун 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн аткарылышы жылдын жыйынтыгын угуп жана талкуулап айылдык кенештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы А. Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүсүнүн планы кабыл алынсын .
3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү божомол планы кабыл алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : Акбашов.Ө