___________________________№___________                                                                                                           

                                                                                                           Ош облусунун жана Ош шаарынын 

                                                                                                           юстиция башкармалыгынын   

                                                                                                           башкаруучусу __________________

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

Ош областы

Алай району

Жаңы-Алайайыл өкмөтү

Жаңы-Алай айылы, 723000 факс:(03234) 6-00-98,

e-mail: jany-alai2014@mail.ru

 

 

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

Ошская область

Алайский район

Жаңы-Алайскийайылокмоту

село  Жаңы-Алай,  723000  факс:(03234) 6-00-98,

e-mail: jany-alai2014@mail.ru

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешинин  7 - чакырылышынын төмөнкү кабыл алынган токтомдорун, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтөбүз.

Барактын

саны

Чак-ш

Күнү,айы,

жылы

сессия

номер

                  Аталышы

1

1

7

12.05.2021

1-кезектеги сессия

№1/1

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

2

 

1

7

12.05.2021

1-кезектеги сессия

№1/2

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  төрагасын шайлоо жөнүндө

 

3

1

7

12.05.2021

1-кезектеги

№1/3

  Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

4

1

7

22.06.2021

2-кезектеги

№2/1

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө

5

2

7

                    22.06.2021 

2-кезектеги

№2/2

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2021-жылгы иш планын бекитүү

6

2

7

22.06.2021 

2-кезектеги

№2/3

Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу планын бекитүү

жөнүндө

 

7

1

7

22.06.2021

2-кезектеги

№2/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлангандыгын белгилөө жөнүндө

8

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

№3/1

Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан төлөнгөн  тамак-аш взносун бекитүү жөнүндө

9

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

№3/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан эски мектептин ордуна  жаңыдан ФАП курууга багытын өзгөртүү жөнүндө

10

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

№3/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургундары менен болгон элдик жыйын учурунда, жер маселелери боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө

11

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

3/4

Жаңы-Алай айылынын аксакалдар сотунун төрагасын бекитип берүү жөнүндө

12

2

7

30.07.2021

3-кезексиз

3/5

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

13

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

3/6

Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайланышкан айыл чарбасына арналбаган жерлерди кайрадан тактап, эсептеп, салыгын байлоо, көмүскө салыктарды ачыкка чыгаруу жөнүндө

14

1

7

30.07.2021

3-кезексиз

3/7

Жаңы-Арык айылындагы кайракы айдоо жердин жер салыгынын тарифин сулуу айдоо жер салыгынын  тарифине которуу жөнүндө

15

1

7

18.08.2021

4-кезектеги

4/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы чекке берилген аянты 46 га болгон жер тилкеси боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

16

1

7

18.08.2021

4-кезектеги

4/2

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын 09.04.2019-жылдын кезексиз 25-сессиясынын №25/3 токтомунун жокко чыгаруу жөнүндө

17

1

7

15.09.2021

5-кезексиз

5/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын  III кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн такталган планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

18

1

7

03.11.2021

6-кезектеги

6/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айында аткарылган иштери жөнүндө

19

1

7

03.11.2021

6-кезектеги

6/2

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жөнүндө

20

2

7

06.12.2021

7-кезексиз

7/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

21

2

7

06.12.2021

7-кезексиз

7/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин IV кварталынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2021-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

22

1

7

22.12.2021

8-кезектеги

8/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө

23

1

7

29.12.2021

9-кезексиз

9/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

24

1

7

29.12.2021

9-кезексиз

9/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө эмгектенген  кызматкерлерди ардак грамота, айыл тургундарын алкыш баркча менен сыйлоо жөнүндө

25

2

7

29.12.2021

9-кезексиз

9/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн теңдештирүү трасферттик планын тактоо  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

26

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2020-2021-жылга аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрун бекитүү, 2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

27

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 911,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

28

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган ветеринардык адис контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө

29

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2021-жылда көп топтолуп жана иштетилбей калган 911,2 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагын белгилөө жөнүндө

30

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/5

Жергиликтүү коомдук транспортунун Жаңы-Алай-Ош-Жаңы-Алай №340  маршруттук каттамынын жол акысын кароо жөнүндө

31

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/6

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын иш ордун убактылуу жылдыруу жөнүндө

32

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/7

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдында “Жаңы-Алай суу пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын  ачуу жөнүндө

33

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/8

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы №25 “Жаңы-Алай” балдар бакчасына төлөөнүчү ижарага акысын бекитип берүү жөнүндө 

34

1

7

29.01.2022

10-кезектеги

10/9

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын Беш-Кашар участкасында жайгашкан жер аянт, имараты менен багытын мечитке өзгөртүү жөнүндө

35

2

7

16.03.2022

11-кезектеги

11/1

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

36

29

7

16.03.2022

11-кезектеги

11/2

Жаңы-Алай айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө

37

1

7

16.03.2022

11-кезектеги

11/3

Жаңы-Арык айылындагы Жаңы-Конуш көчөсүндөгү №11а даректеги 800,0 чарчы метр жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Жогорудагы аты аталган Алай районунун Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин сессиясынын токтомдорун 2013-жылдын 23-майындагы 4/4 Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алынып, мамлекеттик тилде жарыялоо жөнүндөгү токтомуна негизделип, мамлекеттик тилде аталган токтомдор Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  jany-alay.el.kg сайтына 2022-жылдын 12- май  күнү жарыяланган.

    Тиркеме: Токтомдор мамлекеттик тилде 37 токтом, тиркемеси менен 71 баракта, эки нускадан.

     Электрондук варианты 1 диск.

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы:                                    Н. Тажибаев

  

   Аткаруучу:жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Батыралиева  (0556 86 10 90)

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  I сессиясынын

ТОКТОМУ

12.05.2021-ж                                         №  1/1                                      Жаңы-Алай айылы

 

 Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү  регламентинин негизинде даярдалган  регламенти талкууланып, каралып Жаңы-Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламенттин негизинде даярдалган Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин жашы улуу депутаты:                                                   М.  Мамытов

 

 

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  I сессиясынын

ТОКТОМУ

12.05.2021-жыл.                                          №  1/2                                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктунун 1-главасына жана айылдык Кеңешинин регламентинин 4.2 бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын №2 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагалыгына айылдык кеңештин №8 мандаттуу      Жаңы-Алай  шайлоо участкасынын депутаты Макенов Медетбек Искендерович шайланды деп эсептелсин.

 

  1. Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык  Кеңешини жашы улуу депутаты:                                                                     М.  Мамытов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  I сессиясынын

ТОКТОМУ

12.05.2021-жыл.                                          №  1/3                                     Жаңы-Алай айылы

 

                                                                                                                             Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин

                                                                                               төрагасынын орун басарын шайлоо 

                                                                                              жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктунун 1-главасына жана айылдык кеңешинин регламентинин 4.2 бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын №3  протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши

  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагалыгынын орун басарлыгына  айылдык кеңештин №3 мандаттуу Жаңы-Арык  шайлоо участкасынын депутаты Зарипбек уулу Бекзат  шайланды деп эсептелсин.

2.Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин жашы улуу депутаты:                                                          М.   Мамытов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  II сессиясынын

ТОКТОМУ

22.06.2021-жыл.                                          № 2/1                              Жаңы-Алай айылы          

Жаны- Алай айыл өкмөтүнүн айылдык  Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө

 

Жаны- Алай айылдык  Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө, айылдык кеңешинин депутаттарынын пикирин угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ ;

 

1. Жаны- Алай айыл өкмөтүнүн айылдык  Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы түзүлсүн жана  төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

 

А)  Бюджет жана социалдык – экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясы;

1. Арапбаева Нуржамал – айылдык кеңештин депутаты;

2. Э.Исаков – айылдык кеңештин депутаты;

3. А.Жупуев – айылдык кеңештин депутаты;

 

Б) Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:

1. Таалайбек уулу Чыңгыз- айылдык кеңештин депутаты

2. Шаңыяева Айгүл – айылдык кеңештин депутаты

3. Исмаилова Гүлзада – айылдык кеңештин депутаты

 

В) Айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана  агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясы:

 

1.Калыев Тоготой – айылдык кеңештин депутаты

2.Мамытов Мамат – айылдык кеңештин депутаты

3.Пазылова Жаркынай- айылдык кеңештин дептутаты

 

2.Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин иш планындагы айтылган маселелерди так өз мезгилинде аткаруу туруктуу комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.

 

               Жаны - Алай айылдык  Кенешинин төрагасы :                                            М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  II сессиясынын

ТОКТОМУ

22.06.2021-жыл.                                          № 2/2                              Жаңы-Алай айылы

Жаны-Алай  айылдык  кеңешинин  2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндөгү ” мыйзамынын жана Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  регламентине ылайык  Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2021-жыл үчүн  иш-планы айылдык кеңешинде каралып, талкууланып, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши 

 

Токтом кылат:

  1. Жаны-Алай  айылдык  Кеңешинин  2021-жылга иш планы бекитилсин.(иш план тиркелет)  
  1. Жаңы-Алай айылдык өкмөтүнүн айылдык  Кеңешинин  иш планындагы айтылган маселелерди так өз мезгилинде аткаруу туруктуу комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.

 3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлмө аламын.

 

 

Жаны - Алай айылдык  кеңешинин төрагасы :                                                                 М. Макенов

 

Бекитем:

2021-жылдын 22-июнундагы  №2/2 токтомуна тиркеме 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы __________________М.Макенов

                        Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2021-жылга түзгөн иш планы:

Каралуучу маселе

Качан? Кайсы айда?

Эскертүү

1

1.Жаңы-Алай айылдык кеңешинин туруктуу коммиссияларынын курамын бекитүү.

2.Жаңы-Алай айылдык кеңешинин иш планын бекитүү.

3.Ар түрдүү маселелер.

июнь

 

2

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алты айында аткарган иштери боюнча.

2.Орто мектептердин ишмердүүлүгү.

3. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү.

4.Ар түрдүү маселелер.

Июль, август

 

3.

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча.

2.Социалдык иштер.

3.Мады участкасындагы 46 га жердин үй курууга берилиши боюнча, КБФнун жерлери жана башка жер маселелери боюнча.

4.Ар түрдүү маселелер.

Октябрь, ноябрь, декабрь

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                 М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  II сессиясынын

ТОКТОМУ

22.06.2021-жыл.                                          № 2/3                              Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтунун  жергиликтүү бюджеттин  киреше жана чыгаша  бөлүктөрүнө

2022-жылга долбоору жана 2023-2024- жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө           

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата болжолдуу планын бекитуу боюнча

айылдык Кенештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Н Арапбаеванын

2021-жылдын 06-июнундагы билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин докладын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Жаңы-Алай  айыл өкмөтунун  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  2022-жылга  долбоору 6298,3 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 3616,5 миң сом, оздук кирешелер 2236,8 мин сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  2023-жылга  болжолдуу долбоору  6380,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант  3637,0 миң сом, өздүк кирешелер 2298,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

3.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнун  2024-жылга  болжолдуу долбоору  6380,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчү грант  3637,0 миң сом, өздүк кирешелер 2298,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

4.Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А Пармановго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                          М. Макенов

 

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги  II сессиясынын

ТОКТОМУ

         22.06.2021-жыл                           №2/4                      Жаңы-Алай айылы                  

                                                                                                Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн

                                                                                                башчысын шайлангандыгын

                                                                                                белгилөө   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 13-июнундагы №424 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич 2021-жылдын 13-июнундагы №424 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленсин.

2.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 2011-жылдын 15-июлу №101 мыйзамы менен иш алып барылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                                          М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/1                            Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан

төлөнгөн тамак-аш взносун бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан тамак-ашка төлөөнүүчү взносун бекитүү жөнүндө №23 Жаңы-Алай, №24 Жаңы-Арык балдар бакчаларынын сунушун угуп жана талкуулап Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кенеши

 

Токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан тамак-ашка төлөөнүүчү взностун баасы 700 сомго бекитилсин.
  2. 2021-жылдын август айынан тамак-ашка төлөөнүүчү взносту 700 сомдон чогултуу балдар бакчаларынын директорлору А.Шаңыяева, Ж.Пазыловага милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөдөө  бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылжык Кеңешинин төрагасы:                                  М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/2                            Жаңы-Алай айылы

 Жаны- Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан эски мектептин ордуна жаңыдан ФАП курууга багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Жаны- Алай айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Арык айылында жайгашкан эски мектептин имаратын тиешелүү жер актыга ФАП курууга Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12 беренесинин 2-пунктуна ылайык,

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 24-январь 2004-жылдын №475 токтомуна жерлерди максаттуупайдаланышын өзгөртүү киргизүүгө айыл чарба,

жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиянын  төрагасы Т.Калыевдин  билдүүрүсүн угуп, жана талкуулап,

Жаны- Алай айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаны- Алай айыл өкмөтүнүн  24-январь 2004-жылдагы №475 токтомунун максаттуу багыты  саламатыкты сактоо (ФАП) курууга өзгөртүлсүн.

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан эски мектептин  имаратынын 1197,0 чарчы жер аянты ФАП курууга Жаңы-Алай айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,  айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкедүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                        М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/3                          Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургундары менен болгон элдик жыйын учурунда,

жер маселелери боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү  жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургундары менен болгон элдик жыйында, жер маселелери боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү  чечүү  боюнча, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин иштөө тартиби боюнча регламентинин 6-главасынын  6,2-пунктунун негизинде айылдык кеңештин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө, айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиянын  төрагасы Т.Калыевдин  билдүүрүсүн угуп, жана талкуулап,  Жаңы- Алай айыл айылдык  Кенеши

 

Токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин иштөө тартиби боюнча регламентинин 6-главасынын  6,2-пунктунун негизинде айылдык кеңештин убактылуу комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
  1. Т.Калыев – Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
  2. Ж.Пазылова - Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
  3. А.Апишов –жер адиси(макулдашуу менен), комиссиянын мүчөсү;
  4. Р.Кеңешов – Жаңы-Арык айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү; (макулдашуу менен)
  5. Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын адиси Э.Исакулов, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу менен)

 

         2. Жаңы-Арык айылындагы 2021-жылдын   25-июнундагы элдик жыйында  жер участок боюнча көтөрүлгөн талаш тартыш маселесин тактоо комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

 

         3.Бул токтомдун  аткарылышын жеке көзөмөлгө аламын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                                 М.  Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/4                         Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айылынын аксакалдар сотунун төрагасын бекитип берүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылынын аксакалдар сотунун комиссиясы тарабынан шайланган аксакалдар сотунун төрагасын бекитип берүү жөнүндө, 19-июль 2021-жылдын №1 комиссиянын  протоколу менен таанышып, талкуулап 

Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кенеши

Токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» 2002-жылдын 5-июлундагы №113 мыйзамынын 1-статьясына ылайык, Жаңы-Алай айылынын аксакалдар сотунун комиссиясы тарабынан шайланган аксакалдар сотунун төрагасы болуп  Эшиев Бакыт үч жылдык мөөнөткө 2024-жылдын 30-июлуна чейин бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» 2002-жылдын 5-июлундагы №113 мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып баруу аксакалдар сотунун курамына милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын  укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                                 М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/5                         Жаңы-Алай айылы

 

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө

бузуулар иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Жаңы-Алай  айылдык Кеңеши

 Токтом кылат:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө “Бузуулар жөнүндө”иштерди кароо боюнча жобого ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме №1)

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,“Бузуулар жөнүндө” кодексинин жобосуна  ылайык жана башка ченемдик укуктук актылар боюнча иш жүргүзүү, ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган иштери тууралуу отчет бурүү комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

3.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                                 М. Макенов

 

 

 

                                                                        Жаңы-Алай  айылдык  Кеңешинин 

                                                                         7  чакырылышынын 2021-жылдын

                                                                         30-июлундагы   кезексиз 3-сессиясынын

  №3/5 токтомуна  № 1-тиркемеси.

 

                           Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү  «Бузуулар Жөнүндө” иштерди

                                        кароо боюнча  комиссиянын курамы:

 

1.Эшиев Бакыт -комиссиянын төрагасы, Аксакалдар сотунун төрагасы;

2.Атырова Б- Комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн соц кызматкери;

3.Кенешов- Р.Жаны-Арык айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

4.Таалайбеков Ч- айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

5.Мамытов  М.-”Кымыз-Булак”СООВП жетекчиси,комиссиянын мүчөсү;

6.Исаков Э- айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

7.Жумабаев К - Жаны-Алай айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

8.Бакмаматов.Ж – “Тазалык” мунципиалдык ишканасынын жетекчиси,  комиссиянын  мүчөсү;

9.Тажибаева Г- киреше салык боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.         

 

Жоопту катчынын убактылуу милдетин аткаруучу:                                 А. Батыралиева

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/6                         Жаңы-Алай айылы

Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайланышкан айыл чарбасына арналбаган жерлерди кайрадан тактап, эсептеп,

салыгын байлоо, көмүскө салыктарды ачыкка чыгаруу жөнүндө

Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайланышкан айыл чарбасына арналбаган жерлерди кайрадан тактап, эсептеп, салыгын байлоо, көмүскө салыктарды ачыкка чыгаруу жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушун угуп, талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайланышкан айыл чарбасына арналбаган жерлерди кайрадан тактап, эсептеп, салыгын байлоо, көмүскө салыктарды ачыкка чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

     1. Г. Тажибаева- киреше салык боюнча башкы адис, комиссиянын төрайымы;

Мүчөлөрү:

1.М.Аданов- райондук МСКнын инспектору, (макулдашуу менен)

2.А.Абдураимов- көз карандысыз эксперт,  (макулдашуу менен)

3.А.Апишов- жер адиси;

4.К.Жумабаев – Жаңы-Алай айылынын айыл башчысы;

5.Р.Кеңешов- Жаңы-Алай айылынын айыл башчысы;

6.А.Жолуев- көз карандысыз эксперт,  (макулдашуу менен)

  1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” жана “Салык Кодексине”  ылайык иш алып баруу  убактылуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
  2. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттен каралган  каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айыл чарба, жерге   жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына    жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                                 М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын

ТОКТОМУ

30.07.2021-жыл.                                          № 3/7                         Жаңы-Алай айылы

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз бюджетин көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча” башкаруу мыйзамынын

31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, тулкуулап 

Жаны-Алай айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн Жаны-Арык айылынын жашоочуларынын суулу үлүш жерлери Алай райондук кадастр бөлүмүндө суулу жерлер болуп катталгандыгына жана 2019-жылдан баштап Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан суу берилип, суугарылып жаткандыгына байланыштуу,  кайракы айдоо жердин жер салыгынын тарифи (124сом) суулу айдоо жердин жер салыгы тарифине (521 сомго) которулсун.
  2. Техникалык  мүчүлүштүктөр же жаратылыш коопсуздугу болуп суу берилбей калган учурда кайрадан кайракы айдоо жердин жер салыгынын тарифине өткөрүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана киреше салык боюнча башкы адис Г.Тажибаевага милдеттендирилсин.

 

 

Жаны-Алай айылдык Кенешинин төрагасы:                                                            М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын IV кезектеги сессиясынын

ТОКТОМУ

18-август  2021-жыл.                                       №  4/1                                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы чекке берилген аянты 46 га болгон жер тилкеси боюнча

көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы чекке  берилген аянты 46 га болгон жер тилкеси боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 32 беренесинин 1-пунктунун жана 8-пунктунун  негизинде, айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу,

ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Калыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы чекке берилген аянты 46 га болгон жер тилкеси боюнча көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.

 

Макенов.М- Айылдык Кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы.

Мүчөлөрү:

1. Т.Калыев – Айылдык  Кеңештин депутаты;

2. Исаков.Э - Айылдык  Кеңештин депутаты;

3. Таалайбек уулу Чыңгыз - Айылдык  Кеңештин депутаты;

4. Зарипбек уулу Бекзат - Айылдык  Кеңештин депутаты;

5. Мамытов Мамат- Айылдык  Кеңештин депутаты;

6. Арапбаева Нуржамал - Айылдык  Кеңештин депутаты.

Комиссияга көмөк көрсөтүү үчүн:

1. Абдураимов Абдукарим- айыл тургуну;

2. Самидинов Абдуманап – айыл тургуну;

3. Нуриев Аширбай – айыл тургуну;

4. Бекмырзаев Доолатбек- айыл тургуну.

2. Жогоруда түзүлгөн убактылуу  комиссиянын иштөө мөөнөтү  үч айга бекитилип, 2021-жылдын 18-августунан 2021-жылдын 18- ноябрына чейин иш алып барсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы:                 М. Макенов   

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын IV кезектеги сессиясынын

ТОКТОМУ

18-август  2021-жыл.                                       №  4/2                                    Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 09.04.2019-жылдын   кезексиз 25 -сессиясынын №25/3 токтомунун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча

айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киригизүү жөнүндө 36- беренесинин 8-пунктунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VI  чакырылышынын 09.04.2019-жылдын   кезексиз 25 -сессиясынын №25/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 09.04.2019-жылдын   кезексиз 25 -сессиясынын №25/3 токтому менен Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу, узуну 170 метр, туурасы 9 метр яма Жаңы-Алай айылынын тургуну К.Эркебаевге машыгуучу зал куруу үчүн берилген токтом жокко чыгарылсын.

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу, узуну 170 метр, туурасы 9 метр яма Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып алынсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы:       М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын V кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

15-сентябрь  2021-жыл.                                   №  5/1                                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2021-жылдын

III-кварталына бекитилген   жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүгүнүн  такталган

 планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз  5-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2021- жылдын III-кварталына бекитилген  сметасына республикалык бюджеттен каралуучу максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.

КН

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

III-квартал

көбөйтүү

1

 

Максаттуу трансферт

13321100

2039,9

2039,9

 

Бардыгы

 

2039,9

2039,9

 

  1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин   чыгаша  бөлүгүнүн  бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин  такталган планына өзгөртүү киргизип  берүү  каралсын.  каралсын

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

Бардыгы

III-квартал

 

көбөйтүү

 

70491

Эконом.маселелер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

2 215

2039,9

2039,9

 

 

Бардыгы

 

2039,9

2039,9

 

 

 

 

 

 

 

 

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге  жана ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           М.Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын VI кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

03-ноябрь  2021-жыл.                                      №  6/1                                    Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз   айында аткарылган иштери жөнүндө        

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз   айында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.   Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз   айында аткарылган иштерижөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.

2.   Жылдын жыйынтыгы менен бардык берилген план тапшырмалардын так аткарылуусун камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

3.  Бул токтломдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы:            М. Макенов

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын VI кезектеги отурумунун

ТОКТОМУ

03-ноябрь  2021-жыл.                                      №  6/2                                    Жаңы-Алай айылы

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-сентябрь 2011-жылдын №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участогуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде

жана жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Калыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.   Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерлерди 5(беш) жылга конкурстун негизинде ижарага берилсин.

2.   Берилген жер участогуна эч кандай курулуш курулбай тургандыгы, коомчулуктун зарылчылыгы болгондо бошотуп берүүсү жана өз максатында пайдалануусу ижарага алуучуга келишимде көрсөтүлсүн.

3.  Жер участогун убактылуу пайдалануу укугун тастыктаган юридикалык документти даярдап берүү Алай райондук “Кадастр” мамлекеттик ишканасына сунуш кылынсын.

4.  Кабыл алынган токтомдун негизинде акысын өндүрүп, төгүүнү камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө калтырамын.

 

Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы:                     М.  Макенов    

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын VII  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

06-декабрь  2021-жыл.                                     №  7/1                                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл өкмөтүнүн 2021-жылгабекитилген   жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 

чыгымдалуучу акча  каражаттарынын  планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз  7-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2021- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына  төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

IV-квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Суткалык чыгаша

22111300

5,3

 

701

Аппарат

Башка курулуштарды капиталдык оңдоо

31113390

43,0

 

701

Аппарат

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

31123290

 

5,0

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 2154900

 

86,0

708

Библиотека

Суткалык чыгаша

22111300

 

2,0

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 2154900

 

13,1

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 2154900

 

1,9

708

Клуб

Суткалык чыгаша

22111300

 

0,7

709

Балдар бакчасы

Суткалык чыгаша

22111300

 

1,3

709

Балдар бакчасы

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 2154900

 

2,0

709

Балдар бакчасы

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

31113290

57,0

 

709

Орто мектеп

Суткалык чыгаша

22111300

 

1,3

709

 

 

 

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 2154900

 

7,1

709

Орто мектеп

Электр энергиясына акы

22311200

 

17,0

709

 

Орто мектеп

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

31123290

 

15,0

Бардыгы:

122,3

122,3

 

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикикалык өнүгүү боюнча  комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           М. Макенов 

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын VII  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

06-декабрь  2021-жыл.                                     №  7/2                                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин IV-кварталынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2021- жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө                                 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7–чакырылышынын кезексиз 7– сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
  2.  

КН

Беренелердин аталышы

Берене

Бардыгы

IV -кв

көбөйтүү

азайтуу

1

Жер казынасынын пайдалануу укугунун лицензияны кармоо үчүн

14151200

40,0

 

40,0

 

Бардыгы

 

40,0

 

40,0

 

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин   чыгаша  бөлүгүнүн  2021-жылдын сметасынын төмөндөгү такталган планга өзгөртүү жагы каралсын

 

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

 

Беренелердин аталышы

 

Берене

 

Бардыгы

IV -кв

көбөйтүү

азайтуу

704

Экономикалык маселелер

Башка курулуштарды капиталдык оңдоо

31113390

40,0

 

40,0

 

 

Бардыгы

 

40,0

 

40,0

 

 

 

 

 

 

 

 

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай райондук башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           М. Макенов

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын VIII  кезектеги сессиясынын

ТОКТОМУ

22-декабрь  2021-жыл.                                     №  8/1                                    Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн   2021-жылда аткарган  иштери  жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн   2021-жылда  аткарылган  иштери  жөнүндө  Жаңы-Алай айыл  өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаны-Алай  айылдык  Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн   2021-жылда  аткарылган  иштери  жөнүндө  Жаңы-Алай айыл  өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана социалдык-экономикалык  өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңештин  төрагасы:                                                    М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын IX  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

29-декабрь  2021-жыл.                                     №  9/1                                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2021-жылга

бекитилген   жергиликтүү бюджетинин

чыгаша бөлүгүнүн  чыгымдалуучу акча                                

каражаттарынын  планына  өзгөртүү

киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз  9-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2021- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына  төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

IV-квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

22111300

17,9

 

701

Аппарат

Башка курулуштарды капиталдык оңдоо

31113390

 

17,9

Бардыгы:

17,9

17,9

 

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           М. Макенов

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын IX  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

29-декабрь  2021-жыл.                                     №  9/2                                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө эмгектенген кызматкерлерди ардак грамота, айыл тургундарын алкыш баракча  менен сыйлоо жөнүндө

Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө эмгектенген кызматкерлерди ардак грамота,айыл тургундарын алкыш баракча  менен сыйлоо жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын сунушунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө эмгектенген төмөнкү кызматкерлер ардак грамота менен сыйлансын:
  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн статист экономист Батыралиева Айчүрөк Батыралиевна;
  2. №42 С.Ашимов атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Анарбай кызы Рахат;
  3. Жаңы-Алай айылынын тургуну Досназаров Азизбек;
  1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарынын  төмөндөгү  атуулдары алкыш баракча менен сыйлансын:

1.Партаев Тапкычбек;

2.Алиев Кабылбек;

3.Амангелди уулу Мухаммедали;

4.Тезекбаев Асилбек;

5.Сагынбаев Алмаз;

6.Зулпукаров Эдилбек;

7.Ысаков Нуридин;

8.Абдираимов Жакып;

9.Нышанов Нурлан;

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                М. Макенов

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын IX  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

29-декабрь  2021-жыл.                                     №  9/3                                   Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2021-жылга

бекитилген   жергиликтүү бюджетинин

чыгаша бөлүгүнүн  теңдештируу

трансферттик планын тактоо өзгөртүү

киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз  9-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2021- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн теңдештирүчү трансферттин бекитилген сметасында  үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Теңдештирүүчү трансферт

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Эмгек акы

2111

 

146,7

701

Аппарат

Соцфондго чегерүү

2121

 

33,2

701

Аппарат

Кызматтыксапар чыгымдары

2211

16,1

 

701

Аппарат

Байланыш кызматы

2212

 

14,6

701

Аппарат

Учурдагы    чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды ауул

2222

23,3

 

701

Аппарат

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

45,0

 

706

ЖКХ

Эмгек акы

2111

10,2

 

706

ЖКХ

Соцфондго чегерүү

2121

2,7

 

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 215

91,8

 

708

Библиотека

Эмгек акы

2111

 

4,1

708

Библиотека

Соцфондго чегерүү

2121

 

0,8

708

Библиотека

Кызматтыксапар чыгымдары

2211

2,0

 

 

Клуб

Эмгек акы

2111

 

16,4

708

Клуб

Соцфондго чегерүү

2121

 

2,3

708

Клуб

Кызматтык сапар чыгымдары

2211

2,0

 

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 215

8,1

 

708

Культмероприятия

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

45,0

 

709

Балдар бакчасы

Кызматтык сапар чыгымдары

2211

2,7

 

709

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын алуу

2 218

 

102,6

709

Орто мектеп

Кызматтык сапар чыгымдары

2211

0,6

 

709

 

 

 

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2 215

0,6

 

709

Орто мектеп

Электр энергиясына акы

2231

17,0

 

709

 

Орто мектеп

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

38,3

 

710

Социалдык коргоо

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

15,3

 

Бардыгы:

320,7

320,7

 

2.Жогорудагы акча каражатын 2021-жылга сметанын чыгаша бөлүгүнө бекитилген теңдештирүүчү трансфертке өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           М. Макенов 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У  № 10/1

29-январь 2022-жыл.                                                                   Жаңы-Алай айылы   

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин  2020-2021жылга аткарылышы, 2022-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун  бекитүү жөнүндө                                           

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII- чакырылышынын кезектеги  10-сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  2020-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 6912,6 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше 1850,8 миң сом,  теңдештирүүчү трансферт 4076,9 миң сом,   атайын    каражаттар  445,0 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 219,2 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 320,7миң сом  жана чыгаша бөлүгү  5659,9 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  2021-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 10064,8 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше 2158,8 миң сом,  теңдештирүүчү трансферт 3570,0 миң сом,   атайын    каражаттар  645,0 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 2484,3 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1206,7 миң сом  жана чыгаша бөлүгү  9406,7 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2022-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 6465,8  миң сомго,  анын ичинен  теңдештирүүчү трансферт 3484,0миң сомго,  өздүк киреше  -2981,8 миң сомго (анын ичинен  атайын  каражаттар  445,0 миң сом)   бекитилсин. 

4. 2023-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша  бөлүгүнүн   долбоорунун планы  6540,8 миң сомго, анын ичинен:  теңдештирүүчү трансферт 3484,0миң сом,  өздүк киреше   3056,8 миң сом (анын ичинен  атайын  каражаттар – 445,0 миң сом),  2024-жылга жергиликтүү  бюджеттин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 6595,8 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 3484,0 миң сом,  өздүк киреше  3111,8 миң сом (анын ичинен  атайын  каражаттар 445,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

 5. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте  каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу,  отчет-учет иштерин убагында  айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына  милдеттендирилсин.     

6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысына тапшырылсын.

 7.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай  айылдык Кеңешинин төрагасы:                     М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У  № 10/2

                                                               29-январь 2022-жыл.                                                                   Жаңы-Алай айылы                                                                                 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 911,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө.

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча

Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап

Жаны-Алай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн  2022-жылдын 1-январына карата 2021-жылдан пайдаланылбай калган 911,2 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-60,2миң сом) калдык  акча каражатын 2022-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. Айылдык Кеңештин сессиясында талкууланган 2022-жылдын 1-январына карата 2021-жылдан пайдаланылбай калган 911,2 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-60,2миң сом)  акча каражаты 2022-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүно милдеттендирилсин.

 

Жаны-Алай  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                            М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У  № 10/3

                                                                29-январь 2022-жыл.                                                                          Жаңы-Алай айылы                                                                                 

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган ветеринардык  адис контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин  киргизүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунда көрсөтүлгөн

ветеринардык врачты жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги 10- сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

I. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн сунушунда көрсөтүлгөн Жаңы-Алай айылынын чак ортосунда жайланышкан “Сибир жарасынын” очогу баланста тургандыктан, Алай районунун ветеринардык адистери Гүлчө айылында жана жол аралыгы Гүлчө айылынан 90 чакырым алыс болгондуктан, ветеринардык профилактикалык иштер өз учурунда болбой, айылда жашаган элдерден арыздар көп түшкөнүн эске алып жергиликтүү бюджеттин эсебинен контрактык негизде ветеринардык адистик штат бирдиги киргизилсин.

II. 2022-жылдын  жергиликтүү  бюджетинин  сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

III.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                 М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У  № 10/4

                                                                          29-январь 2022-жыл.                                                                          Жаңы-Алай айылы                                                                                

Жаңы-Алай     айыл  өкмөтү   тарабынан  сунушталган

салыктардын    жана   кирешелердин   2021-жылда көп

топтолуп   жана  иштетилбей калган  911,2 миң  сомду

кредитордук      карыздарга        жана    2022 - жылдын

 жергиликтүү бюджетинин  сметасына   кирбей калган

                                                           төлөмдөргө   бердиртүү   жагын белгилөө  жөнүндө 

Жаңы-Алай  айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2021-

жылда көп топтолуп, жана  иштетилбей калган 911,2 миң сомду кредитордук карыздарга

жана   2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына  кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагы белгиленип, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги 10- сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.2022-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 851,0 миң сом, атайын каражаттан калган 60,2 миң сом жалпы 911,2 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:

Бөлүм

Беренелердин аталышы

берене

Сумма

Аппарат       

Эмгек акы төлөө фондуна

2111

93,0

 

Социалдык фондко төгүмдөр

2121

16,1

 

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

4,9

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

105,9

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

4,0

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын  алуу

2218

60,2

 

Имараттар жана курулуштар

3111

627,1

 

 

Бардыгы:

911,2

 

2.Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 1-кварталы менен 911,2 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге, К.Э.Б башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                       М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У 

29-январь 2022-жыл.                    № 10/5                     Жаңы-Алай айылы

Жергиликтүү коомдук транспортунун Жаңы-Алай-Ош-Жаңы-Алай №340 маршруттук каттамынын жол акысын кароо жөнүндө

Жергиликтүү коомдук транспортунун Жаңы-Алай-Ош-Жаңы-Алай №340 маршруттук каттамынын айдоочуларынын №Кл-23 01.12.2021-жылы катталган арызынын жана

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүмүнүн негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Жергиликтүү коомдук транспортунун Жаңы-Алай-Ош-Жаңы-Алай №340 маршруттук каттамынын айдоочуларынын №Кл-23 01.12.2021-жылы катталган арызы канааттандырылсын.

2.  Күйүүчү майдын баасы кескин жогорулап кеткендигине байланыштуу аталган маршруттук каттамынын жол акысы 5(беш)сомго көтөрүлсүн, т.а. Ош-Жаңы-Алай айылына 25 сомдон 30 сомго, Ош-Беш-Кашар участкасына 30 сомдон 35 сомго көтөрүлсүн, окуучулар үчүн 15 сом, айылдар ортосундагы каттамдын баасы 10 сом деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:         М. Макенов

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У 

29-январь 2022-жыл.                    № 10/6                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын иш ордун убактылуу жылдыруу  жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүмүнө ылайык,

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн иш ордун убактылуу жылдыруу жөнүндө Жаңы-Алай алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн иш орду убактылуу №5 ҮДТнун имаратына жылдырылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясы милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык  Кеңешинин төрагасы:                    М.   Макенов

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У 

29-январь 2022-жыл.                    № 10/7                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдында «Жаңы-Алай суу пайдалануучулар» муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдында «Жаңы-Алай» суу пайдалануучулар» муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдында «Жаңы-Алай» суу пайдалануучулар» муниципалдык ишканасы түзүлсүн.

2. Бул маалыматты маалымат каражаттарынан жарыялоо жана Ош облусунунун жана Ош облусунун юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                   М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У 

29-январь 2022-жыл.                    № 10/8                    Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы №25 «Жаңы-Алай» балдар бакчасына төлөөнүүчү ижарага акысын бекитип берүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы №25 «Жаңы-Алай балдар» бакчасына төлөөнүүчү ижарага ижара акысын бекитип берүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы №25 «Жаңы-Алай балдар» бакчасы үчүн пайдаланып келе жаткан турак жайга, ижара акысы айына 10750 сомдон 12500 сомго көтөрүлсүн.

2. Пайдаланган учуруна келишимдин негизинде ижара акысы төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                             М. Макенов

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  X сессиясынын

Т О К Т О М У 

29-январь 2022-жыл.                    № 10/9                   Жаңы-Алай айылы

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын Беш-Кашар участкасында  жайгашкан жер аянт, имараты менен багытын мечитке өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №6/1 токтомуна жерлерди максаттуу

пайдаланышына өзгөртүү киргизүүгө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын Беш-Кашар участкасында  жайгашкан “Үгүт насаат” үчүн ажыратылган жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  2012-жылдын 27-июнундагы №6/1 токтомунун максаттуу багыты мечит курууга өзгөртүлсүн.

2.0,06 га жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай районунун   шаар курулушу архитектура боюнча  башкармалыгынан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин  Алай филиалынан суралсын. 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                             М. Макенов

 

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын

Т О К Т О М У 

16-март  2022-жыл.                    № 11/1                  Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  регламентине ылайык,

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2022-жыл үчүн  иш-планы айылдык кеңешинде каралып, талкууланып, Жаңы-Алай айылдык Кеңеши 

Токтом кылат:

 

  1. Жаны-Алай  айылдык  Кеңешинин  2022-жылга иш планы бекитилсин.(иш план тиркелет)
  2. Жаңы-Алай айылдык өкмөтүнүн айылдык  Кеңешинин  иш планындагы айтылган маселелерди так өз мезгилинде аткаруу туруктуу комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.

 

Жаны - Алай айылдык  кеңешинин төрагасы :                       М. Макенов

Бекитем:

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы __________________М.Макенов

16-март 2022-жыл

                        Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга түзгөн иш планы:

Каралуучу маселе

Качан? Кайсы айда?

Эскертүү

1

1.Жаңы-Алай  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү

2.Жаңы-Алай айылдык кеңешинин иш планын бекитүү.

3.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-кварталында аткарган иштери жөнүндө маалымат.

3.Ар түрдүү маселелер.

Январь, февраль, март

 

2

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын  алты айында аткарган иштери боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду  эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө жарлыгынын аткарылышы боюнча.

3. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү.

4.Ар түрдүү маселелер.

Июль, август, сентябрь

 

3.

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча.

2.Социалдык маселелер.

4.Ар түрдүү маселелер.

Октябрь, ноябрь, декабрь

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                 М. Макенов

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  XI сессиясынын          

ТОКТОМУ

                                   16.03.2022-жыл                                                    №11/2                                Жаңы-Алай айылы                                     

Жаңы-Арык айылындагы Жаңы-Конуш көчөсүндөгү №11а-даректеги  800,0 чарчы 

метр жер участогунун максаттуу багытын

                                                                                   өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-бер.негизинде Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы аянты 800,0 чарчы метр болгон турак жай курууга арналган жер тилкесинин максаттуу багыты боюнча,

Жаңы-Алай айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жолдошев Сагынбек Алдыракмановичке таандык 2008-жылдын 25-мартындагы №2/64 сандуу токтому өзүнүн арызынын негизинде күчүн жоготту деп табылсын.

2.Аталган жер участок муниципалдык менчик деп таанылып, айылга мечит катары ажыратылып берилсин.

3.Жаңы-Арык айылындагы Жаңы-Конуш көчөсүндөгү №11а-даректеги 800,0 чарчы метр жер участогунун максаттуу пайдаланышы мечит болуп өзгөртүлсүн.

4.”Кадастр” МИсынын Алай филиалынын жер участогуна болгон муниципалдык менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны жана жерге жайгаштыруу,иш кагаздарын даярдап,мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы каралсын.

5.Алай райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан муниципалдык жер участоктун,системалык,өрт коопсуздугу,санитардык эрежелерге туура келген типтүү жана муниципалдык тартипте иштелген имараттын курулушунун долбоору менен камсыз кылуу жагы суралсын.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адис А.Апишовго милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы                                 М. Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын

Т О К Т О М У 

16-март  2022-жыл.                    № 11/3                 Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл  аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын жана  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»

мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктунун негизинде жергиликтүү жамаатынын уставын  өзгөртүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1.       Тиркемедеги  Жаңы-Алай  айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын  Уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.       Ушул токтом жана Жаңы-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу jany-alay.el.kg веб-сайтына жарыялансын.

3.       Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

5.      Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                 М. Макенов

 

Жаңы – Алай айыл өкмөтүнун эли Кыргызстандагы эң алдыңкы, ар тараптан жетишкен жана башка айылдарга үлгү болууну максат кылуу менен ушул Уставды кабыл алат

 

Жаёы – Алай  айылдык  аймактын

жергиликтүү жамаатынын

 

Типтүү уставы

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
  3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
  6. Корутунду жоболор
  7. Жаңы – Алай айыл өкмөтүндө үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө жалпы жоболор
  8. Каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча органдар жана алардын ыйгарым укуктары
  9. Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын  жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү
  10. Корутунду жоболор

 

 

I. Жалпы жоболор

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Жаңы – Алай  айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге  катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги  маселелерди жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу  ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен  жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав Жаёы – Алай  айыл аймагында  колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле  жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

Ушул Уставда  төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн  түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын  калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде  түзүлгөн, 11 (он бир) адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн  чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 3 (үчтөн) ашык  жарандардын жалпы кызыкчылыктарынан улам жамааттын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;

айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 11 (он бир) адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн  зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана  жергиликтүү кеңештин  кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

 жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган  жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча  сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;

коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө –  маалыматтарды биргелешип  жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.

 

3. Айылдык аймактын территориясы

 

3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2[1]. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:

- Жаёы – Алай  

- Жаёы – Арык

 

4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты

 

4.1.  Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Жаёы – Алай айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.

4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.

4.4.  Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.

 

5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн

чыгуунун тартиби

 

5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Жаёы – Алай айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы  саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- каза болгондо;

-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

 

6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:

 - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;

 - мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө  жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн  демилгеүү топторду түзүүгө;

- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү  үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;

- айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо  жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;

- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя  маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;

- жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы)  аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн  белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

- маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында  муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди  жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

- айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына, жыйындарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;

- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;

- микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери  түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;

- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу, бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);

- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,  жергиликтүү жамааттын  мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

 - жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

- жаратылыш айлана-чөйрөгө, осүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;

- муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;

- калктуу конуштарда мал кармоодо   айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардыкөветеринардык жоболорду сактоого;

- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жжөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

- калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (мусорный ящиктерге);

- калктуу конуштардагы жалпы  колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.

 (Этникалык, географиялык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери КР мыйзамдарына каршы келбеген шартта жергиликтүү жамааттын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярына ылайык толукталышы мүмкүн).

 

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын  жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген  укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.  

7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.

7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:

- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;

- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.

 

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер

 

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

8.1. Жаёы – Алай айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде  жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.

8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.

 

9. Айылдык кенеш

 

9.1. Жаёы – Алай  айылдык  кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

9.3. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары  саналат.  Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.

9.4.  Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.

9.5. Айылдык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала  жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого  милдетүү,

9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укутарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.

9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.

9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.

9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт. 

9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.

9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын  ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.

 

10. Айыл өкмөтү

 

10.1. Айылдык аймакта аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.

10.2. Жаёы – Алай  айыл өкмөтү  юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав  менен белгиленилет.

10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген  ыйгарым укуктар боюнча -  тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

10.4. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.

10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө тийиш эмес. Муниципалдык кызматкер жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында  партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.

 

11. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги  маселелерди чечет.

Эскертүү: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелер биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди  жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө  укуктуу.

 

III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

 

12. Жергиликтүү жамааттын курултайы

 

12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен  шайланган курултайдын делегаттары  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  менен талкуулоону талап кылган  жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай)  чакырылат.

12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

- жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

12.3.  Курултайдын чечимдери сунуштама  түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кеңеште  милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери  айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын  даярдоо жана өткөрүү  айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

12.4. Курултайдын делегаттары  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген  өкүлчүлүктүн  нормаларына  ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.

Эгерде  айыл аймагы бирден ашык  калктуу пунктан  турса,  анда өкүлчүлүктүн нормасы  ар бир айылдын калкынын пропорционалдык  санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.

12.5. Күн  тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси  айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна  тийиштүү болот.

12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу  сотко даттанылышы мүмкүн.

12.7.  Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.

 

13. Жергиликтүү  жамааттын  мүчөлөрүнүн  ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

 

13.1. Жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча  ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун  долбоору  милдеттүү түрдө демилгечилердин  жана  башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн  катышуусунда каралууга жатат.

13.2. Жаёы – Алай  айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын 300 (\ч ж\з) мүчөсү жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ[2].

13.3. Ченем чыгаруу демилгесин  ишке ашырууга  чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде  аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү  боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда  жол берилбейт.

13.5. Ченем чыгаруу демилгеси  иретинде Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору  айылдык кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

 

14. Айылдык кеңештин  ченемдик укуктук актыларынын  (токтомдордун)  долбоорлорун демилгелөө  тартиби

 

14.1. Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү  тууралуу  сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке  ашыруу  үчүн курамы 11 (он бир) адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат (Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).

14.2.  Демилгелүү топ  айылдык кеңештин токтомунун долбоорун  иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү   үчүн  кол топтоо, аны  айылдык кеңеш караган учурда   жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын  коргоо үчүн  түзүлөт.

14.3.  Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй  укуктарга  ээ:

- айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;

- токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;

- элдик демилгени ишке ашыруу  боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу  маалыматтарда жайылтуу;

-  жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле  жарандардан кол топтоо учурунда  айылдык кеңешке токтомдун долбоорун  киргизүү  тууралуу сунуш  үчүн  үгүт   иштерин  жүргүзүү;

- мыйзамдарда тыюу салынбаган  жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча  ченем чыгаруу  (элдик)  демилге укугун  ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.

14.4. Демилелүү  топ  өзүнүн   ичинен  ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими   протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун   мүчөлөрү   кол  коет.

14.5.  Демилгелүү топтун  координатору төмөндөгүдөй   укуктарга ээ:

- демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда  жана жергиликтүү өз алдынча   башкаруу органдарында  коргоп чыгууга;

-  демилгелүү  топтун  ишин координациялоого;

- токтомдун долбоорун иштеп чыгууга  катышууга,  кол топтоого  жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө,  мыйзамдарда тыюу салынбаган   жана  жергиликтүү маанидеги   маселелер  боюнча  ченем чыгаруу (элдик)  демилге укугун ишке ашырууга  багытталган  башка аракеттерди жасоого.   

14.6.  Демилгелүү топтун чечими  анын катышуучуларынын көпчүлүк  добушу  менен  кабыл  алынат.

14.7.  Кол  топтоо  демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин    жана  ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен  даярдалгандан кийин   башталат.

14.8.  Ченемдик укуктук актынын долбоору  демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда  (чогулуштарда,  курултайларда),   дайындуу коомдук жерлердеги  же жергиликтүү жалпыга маалымдоо  каражаттарындагы жарнактарда  жалпыга маалымдалышы мүмкүн.

14.9.  Кол топтоо укугу демилгелүү топтун  мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого  багытталган иш-чараларын даярдоого   жана өткөрүүгө багытталган  чыгымдар   жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен  ишке  ашырылат.   Кол  топтоону жүргүзгөн  демилгелүү топтун  мүчөсү  айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылынган  токтомдун долбоорунун текстин  тааныштыруу үчүн жарандарга  берүүгө  милдеттүү.

14.10.  Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери   боюнча, ошондой эле   башка жерледе  жүргүзүлүшү  мүкүн.

14.11. Жергиликтүү  жамааттын мүчөсү  токтомдун долбоорун  колдоо иретинде бир гана  жолу кол коюуга, ошондой  эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу   айылдык кеңешке   кол коюу  барагын  өткөргөнгө  чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.

14.12.  Демилгелүү  топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган   кол  топтоо бүткөндөн кийин   токтомдун  долбоорун   айылдык кеңешке  киргизет.

14.13.  Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун  долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги  (кезексиз) сессиясында  кароо жөнүндө  арыз менен айылдык  кеңештин  төрагасына  кайрылат.

14.14.  Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тирелет:

- токтомдун долбоорун айылдык  кеңештин  кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;

- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эл анын электрондук версияы;

- маалымкат-негиздеме;

- айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр же толуктоолор  киргизилген учурда салыштырма  таблица;

- төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери,   айылдык кеңешке  демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.

14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген  айылдык кеңештин токтомунун долбоору  айылдык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

14.16. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда  ишин токтоткон  учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген  токтомдун  долбоору өз күчүн сактап калат жана  жаңы чакырылыштагы айылдык кеңеш тарабынан каралууга жатат.

14.17.  Жергиликтүү жамааттын  элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кенешке токтомдун долбоорун  киргизүү жөнүндө үгүттөө  жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле   документтерди,  кол коюу барагындагы  жарандардын колдорунун аныктыгын   бурмалаган     мамлекеттик органдардын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

15. Айылдык чогулуштар

 

15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын  жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын  угуу жана талкуулоо максатында  бир көчөнүн, бир кварталдын,  кичи райондун же айылдын аймагында  жашашкан  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт,  ал  боюнча  сунуштар кабыл алынат.

15.2.  Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда  белгиленген тартипте ишке ашырылат.

15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча  жергиликтүү жамааттардан  түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге  жооптор мүмкүнчүлүккө  жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан   3 күндүн ичинде каралат,  алардын жыйынтыктары  суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген   айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө  маалымдалат.

15.4.  Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар  жергиликтүү бюджеттин  каражаттарынын эсебинен жабылат..

 

16. Айылдык чогулуштарда каралуучу  маселелер

 

Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер  каралат:

- жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  ченемдик укуктук актынын долбоору;

- айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.), жана  аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө долбоорлор;

- айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн  чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

- айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн  тартибин белгилөө;

- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле  тиричилик калдыктарын  жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

- турак жай фондусун,  турак жай-коммуналдык чарбаны  өнүктүрүү  жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды  көрктөндүрүү;

- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин  сактоо маселелери;

- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

- айыл башчысынын  кызмат ордуна талпкерлерди кароо;

- айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары  жөнүндө маалыматтарын   угуу;

- айыл аймагынын территорияларынын  чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын  белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык  борборду белгилөө жана  которуу, калктуу конуштардын  категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү  атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын   аталыштарындагы   транскрипцияларды өзгөртүү;

- жергиликтүү  жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан  башка маселелер.

 

17. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

 

17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы,  айылдык кеңештин депутаттары  тарабынан, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес,  ушул Уставда белгиленген  мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу  чакырылат.  

17.2. Кечиктирилгис  маселелерди чечүү  үчүн  чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы,  айылдык кеңеш  же анын төрагасы  тарабынанбелгилеген  мөөнөттө  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар  адамдарга шашылыш  тартипте алдын ала кабарлоо менен   чакырылышы мүмкүн.

 

18. Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси

 

            18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.

            18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны 11 (он бир) адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.

             (Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет).

            18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.

            18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

 

19. Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу

 

            19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

            - айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

            - иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын);

            - иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

            - кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);

- демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.

19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:

- ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;

- аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;

- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

20. Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби

 

20.1. Айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:

- иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;

- айылдык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому);

- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.

20.2. Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.

20.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:

- чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;

- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;

- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;

- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;

- иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);

- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;

- чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;

- иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.

 

21. Айылдык чогулушту өткөрүүнүн тартиби

 

21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.

21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.

21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.

21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.

21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.

21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сөйлөөлөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жана сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып олтургандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.

21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

21.11. Эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан 30 (отуз) жашоочусу катышса, же айылдык чогулушка чакырылгандардын 51 (эл\\ бир) пайызы катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет.

21.12. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

 

22. Коомдук угуулар

 

22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.

22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

- ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;

- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.

22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.

22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

-  муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө,мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

22.8. Коомдук угуулар, эгерде  ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын 30 (отуздан) кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот.

23. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

 

23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин  айыл өкмөтү төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:

Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.

Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.

Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:

- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;

- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана  жана даярдоо жүргүзүлөт;

- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга  чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;

- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;

- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;

- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;

- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;

- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;

- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;

- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);

- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.

Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:

- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);

- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;

- чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;

- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.

Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:

- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;

- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;

- сунуштар, ой-пикирлер, сунуштамалар жана суроолор үчүн бланктарды даярдоо.

Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:

- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;

- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;

- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.

Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

23.2. Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.

 

IV. Жергиликтүү жамаатын жергиликтүү маанидеги маселелерди

чечүүгө катышуусу

 

24. Жергиликтүү жамааттын  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен катышуусу

 

24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  жергиликтуу жамааты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамаатын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

24.3. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын  элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил топтор жана башка жумушчу топтор аркылуу айылдык аймактын айылынын (айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процесси.

24.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге көтөрүү менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:

- маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;

- жамааттын көйгөйлөрүн аныктоо;

- жамааттын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;

- биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;

- артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;

- артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгуу ;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) талкуулоо;

- жергиликтүү бюджетте өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  чагылдыруу;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруу;

- ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү программаларына жана пландарына (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.

24.5. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:

- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.

 

25. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн  чечүү боюнча демилгелүү топтор

 

25.1. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, жамааттын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгышат.

25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.

25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:

- гендердик теңдемди сактоо;

- айылдык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;

- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;

- жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;

- демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.

25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.

25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.

25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;

- демилгелүү топтун жумушун координациялоого;

- демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;

- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..

25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  иштеп чыгууга катышууга;

- окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жамааттын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;

- тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;

- жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын  өткөрүүгө жана коргоого;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;

- зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.

 

26. Жамааттын артыкчылыктуу  көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана өнүктүрүү программаларын жана пландарын  бекитүү

 

26.1. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:

- артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  иштеп чыгуу;

- артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;

- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;

- жалпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка (жыйналышка) өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  алып чыгуунун тартибин талкуулоо;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.

26.2. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;

- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

26.3. Демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөт башчысынын чечими  менен бекитилет.

26.4. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен айылдык чогулушта, коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен айылдык кенеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

26.5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына  ылайык айылдык кенеш тарабынан бекитилет.

26.6. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

 

 

 

27. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

 

27.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында  биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.

27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга  карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:

- айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;

- тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларын (АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмеси (СОППВ ж.б.)  иш-аракеттерин;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.

27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:

- жумуштун планын (графигин) бекитет;

- сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;

- жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;

- документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;

-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;

- демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;

- демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө айыл өкмөтүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;

- пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.

27.7. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 27.1.-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.

 

28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

 

28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.

28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи-райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.

28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет.

28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

 

 

V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери

 

29. Муниципалдык менчик

 

29.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;

29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.

29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.

29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.

29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.

Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:

- объектти сыпаттап жазуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;

- объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;

- объекттердин бааланган наркы;

- мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.

29.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.

29.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.

 

 

30. Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби

 

30.1. Жергиликтүү бюджет – айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.

30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:

- жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;

- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.

30.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

30.4. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту айылдык кеңештин сессиясына берет.

30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт, бекитилген методикага ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жеткиликтүү формада жарандык бюджет түзүлөт.

30.6. Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.

30.7. Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

 

 

VI. Корутунду жоболор

 

31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

 

31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

- алкыш жарыялоо;

- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

- грамоталар менен сыйлоо;

- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;

- жамааттын Ардак тактасына илүү;

- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

- “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрагасына таандык;

- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

31.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

 

32. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

33. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана

өзгөртүүнүн тартиби

 

33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айылөкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

- айылдык кеңештин төрагасы;

- айыл өкмөтүнүн башчысы;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

33.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

33.6. Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому  айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

33.7. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.

33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү расмий булактарда  жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

           

 

 

                        Жаңы – Алай айыл өкмөтүнүн эли Кыргызстандагы эң алдыёкы, ар тараптан жетишкен жана башка айылдарга үлгу болууну максат кылуу менен ушул Уставды кабыл алат

 

            Жаңы – Алай айыл өкмөтүндө үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө

 

                        I-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

            1-берене. Ушул уставдын максаттары жана милдеттери

  1. Ушул уставдын максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоосундагы моралдык бекемдигине олуттуу зыян алып келүүчү ашыкча чыгашаларга жол бербөө боюнча чараларды белгилөө.
  2. Ушул уставдын милдеттери үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү, ошондой эле калктын, өзгөчө жаштардын алардын маӊызын жана барктуулугун туура түшүнүүнү калыптоону тартипке келтирүү болуп саналат.

 

2.-берене. Ушул уставдын таасиринин чектери

            Ушул уставдын таасири Жаёы – Алай айыл ъкмът\н\н\н аймактарына, ал аймакта жайгашкан ар кандай уюмдарга, мекемелерге жана ишканаларга жана өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына, ошондой эле алардын социалдык абалына жана улуттук таандыгына карабастан бардык жеке адамдарга жайылтылат.

 

           3-берене.  Жаңы – Алай айыл өкмөтөндө үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө уставы

Жаёы – Алай айыл ъкмът\ндъ үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул уставдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

 

II-ГЛАВА. КААДА-САЛТТАРДЫ, САЛТАНАТТАРДЫ ЖАНА ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫ ТАРТИПКЕ КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ОРГАНДАР ЖАНА АЛАРДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ

 

4-берене. Жаңы – Алай айыл өкмөтүндө үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жооптуу органдар

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жергиликтүү туруктуу комиссиялар түзүлөт.

Коомдук комиссиялардын иши ушул уставга жана жергиликтүү ъз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

 

5-берене. Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жооптуу органдардын ыйгарым укуктары

Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү үчүн жооптуу органдар төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

  • Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды ушул уставдын талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өткөрүүнү контролдоону жүзөгө ашырат;
  • Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана калктын арасында агартуучулук жана үгүттөөчүлүк иштерди уюштуруу;
  •  Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүдө муниципалдык органдарга тажрыйбалык көмөк көрсөтүү;
  • Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды үгүттөө;
  • Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды аткарууну талап кылуу.

 

3-ГЛАВА. ҮЛПӨТ ТОЙ, ҮЙ – БҮЛӨ, МААРАКЕ САЛТАНАТТАРЫН, КӨМҮҮ ЫРЫМ – ЖЫРЫМДАРЫН  ЖАНА МАРКУМДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ – ЧАРАЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ

 

6-берене. Той, үй – бүлө, маараке салтанаттары

 Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты (ЗАГС) 3 төн ашык эмес автомашина колдонуу менен өткөрүлөт.

 

7-берене.  Сөөктүү көмүү жана аза күтүү ырым - жырымдары

  1. «Жаназа» ырымы (көмөөрдө дуба окуу) катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт, бир кой гана союлат.
  2. Жергиликтүү элге дасторкон жасалбайт, чай ичирди жок.
  3. Калпак, жоолук, жыртыш (материал) таратылбайт, берилбейт.
  4. Аялдар кък кийбейт, өкөрүп – бакырбайт.
  5. Үчтүк, Пайшамбалик, кырктык өткърүлбөйт.
  6. Куран окутканда дастарконго нан, боорсоктон башка эч кандай конфет, печенье ж.б. коюлбасын.
  7. Айт  күнү мечитке кой союлуп келинбейт.
  8. Айт күнү бата үчун үй кыдырмай жок. (Жогорудагы салтанаттарга кетирилүүчү чыгымдарга жън гана ихсан өткөрүү, жолго шагыл төгүү, көчөнү жарыктандыруу, суу чыгаруу, мечит, медреселерге жардам берүү, айт күндөрү жетим – жесирлерди колдоо, кары – картаңда белек тартуулоо сунушталат).
  9. Катмыга 50 жаштан жогоркулар киришет.
  10. Жылдыкка бир кой, катмыга бир кой союлат.

 

Сөөктүү көмүү жана аза күтүү ырым - жырымдарында төмөндөгү нерселер ыксыз чыгымдын көбөйүшүнө шарт түзөт:

1. Тажияда жылкы, бодо мал союу

2. Үчтүк, пайшамбилик жана кырктык өткөрүү

 3.Өткөн маркумду эскерип көк кийүү

4. Себет көтөрүү, себет алып баруу, себет кабыл алуу

5. Чай ичирүү

6. Маркумдун бейитине эстелик тургузуу ж.б.

 

10-берене. Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүгө талаптар

1. Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү турак үйлөрдүн аянттарында (короолорунда), жеке үйлөрдө же ресторандарда, кафелерде, ашканаларда жана үлпөт залдарында коомдук тартиптин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.

2. Үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүүчү адамдардан административдик көз карандылыкта турган адамдарга акча каражаттарын жана баалуу белектерди тапшырууга тыюу салынат.

 

IV-ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

10-берене. Үллпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүүдө жеке жана юридикалык жактардын милдеттенмелери

1. Жеке жана юридикалык жактар үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды ушул уставдын талаптарын сактоо менен өткөрүүгө жана үлпөт той, үй – бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым – жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш – чараларды өткөрүү үчүн жооптуу органдарга маалымдоого милдеттүү.

2. Жеке жана юридикалык жактар улуттук маданияттын элементтерин, анын ичинде мамлекеттик тилди коргоого милдеттүү.

 

11-берене. Ушул уставды бузгандык  үчүн жоопкерчилик

1. Жеке жана юридикалык жактар ушул уставдын талаптарын сактабагандык уставда белгиленген тартипте жоопко тартылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, атайын жана административдик кызмат адамдары жана алардын балдары ушул уставдын талаптарын бузгандык үчүн алар кызмат орундарынан бошотулат.

 

12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Устав расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Жаёы – Алай айыл өкмөтү ушул устав  жарыяланган күндөн тартып 3 айдын ичинде:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Уставга ылайык келтирсин;

- ушул Уставды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.



[1] Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын 3.2.-пункту аймагында эки же андан көп айылдары бар айылдык аймактарга жайылтылат.

[2] КР «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинин негизинде статистикалык маалыматтарга ылайык шайлоолор өткөрүлүп жаткан айыл аймакта жылдын 1-январына карата калкынын саны боюнча:

а) 6000ге чейинки айыл аймактарда - 300 мүчө ченем чыгаруу демилге укугуна ээ;

б) 6001ден 20000ге чейинки айыл аймактарда - 600 мүчө ченем чыгаруу демилге укугуна ээ;

в) 20001ден жана андан жогору айыл аймактарда - 1000 мүчө ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.