
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
Т О К Т О М У
29-январь 2022-жыл. № 10/10 Жаңы-Алай айылы
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым келишимди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментинин 16.02.2022-жылдын №20-01-1-3364 катын негиздеп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» келишимдин долбоорун угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М.Макенов
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/2 Жаңы-Алай айылы
Жемиш сактоочу “Жаны-Алай Кампа” ишканасын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коом жөнүндө” Мыйзамына таянып айыл аймагында жайгашкан аянты 1755,00 чарчы метр болгон №5-01-11-1001-0270 сыр белгисиндеги эски тоют сактоочу яманын ордуна жемиш сактоочу кампа куруп, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү, жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/3 Жаңы-Алай айылы
“Кымыз-Булак” ИСКАКБ боюнча ичкенге жарактуу сууга тарифин убактылуу бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы №445 токтому менен бекитилген “Мамлекет башкарган чарбалык субьектилердин баасын (тарифтерин) аныктоо тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/4 Жаңы-Алай айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №54 Жарлыгын аткарууга алган, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 11-апрелиндеги №77 буйругунун №1 тиркемесинин Жобосу бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүмүнүн негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов
БЕКИТЕМ
Жаңы-Алай айыл айылдык кеңешинин
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Төрагасы____________М.Макенов
2022-жылдын 11-апрелиндеги №77 “______”____________2022-ж буйругуна тиркеме №1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
Типтүү жобо
1.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике(үйлөнүү ) той, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б кирет.
Айылда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
1. Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын эсебинен 200 адамга чейин үйлөрүндө (чакан кафелерде) конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Элге той берүүдө бир баш майда жандык союлуп, чакырылган коноктор гана келип катышып кетишет (бирок жылкы союуга уруксаат берилет). Башка бардык жөрөлгөлөргө тыюу салынат.
2. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан баардык иш-чараларда эки жаштын ата-энелерине жана эки жашка гана белектер, кийиттер берилет. Тойго катышып жаткан башка туугандарга конокторго белек берүү сый кийимдерди тартулоонун баардыгына жол берилбейт.
3. Тойдон кийинки кыз көрдү, отко кирүү, төркүлөтүү ж.б. эки куданын үй-бүлөсү арасында 15 адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
4. Кызга сеп берүүдө 4 жууркан, 6 эт төшөк, 8 жер төшөк 2 килем жана турмуш тиричиликке зарыл керектүү гана буюмдар берилет.
5. Кыз тарапка бата той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпайт.
6.ЗАГС никени каттоодо 1 жеңил машина 1 БУС кичи автобуска уруксаат берилет.
7. Кызга калын берүүдө эки тараптын макулдашуусу менен ишке ашырылат.
8.Тойлор жана ырым-жырымдар дем алыш күндөрү саат 10 дон 22.00 чейин ал эми жумуш күндөрү 18.00дөн 23.00 гө чейин өткөрүлөт.Баардык иш-чаралар ичкиликсиз болот.
9.Эки жашка нике кыюуга мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана уруксаат берилет.
2.Сөөк коюуга аза күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдар аш-түлөө берүүнүн салттык тартиптери.
1.Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүлөрдүн жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
2.Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун туугандарына жана жакындарына кабарлоо, аларды тосуу, жайгаштыруу, кайра узатуу, сөөктү коюунун убак саатын белгилөө, жайын каздыруу аксакалдар кеңешинин жетекчиси менен айыл башчы аркылуу уюштурулат. Сөөк чыккан үйдө эч кандай дастаркон жайылбайт. Бодо мал союулбайт,кийит кийгизилбейт, жыртыш жыртылбайт, майда барат буюмдар берилбейт.
3.Маркумдун сөөгүн жууганга баш аяк сарпай берилбейт.
4.Өзү жашаган калктуу конушка келип, каза болгон жакынына куран окутууга 1 кой союуга уруксаат берилет. Куран окутканда түрдөп салат жасоо дастарконду эбегейсиз жасоого жол берилбейт.
5.Аза күткөн кайгыга кабылган, жетим жесир болсо муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылууга уруксаат берилет. Каражат жагынан да жардам берүүгө болот.
6.Сөөк коюудан кийин маркумдун үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттык деген иш-чаралар токтотулат. Маркумду эскерүү
куран окуп бата кылуу менен гана өткөрүлөт. Башка жасалып жүргөн жөнү жок жөрөлгөлөр болбойт.
3.Туулган күн белгилөө.
Туулган күн белгилөө мамлекеттик ишканаларда туулган күн өткөрүү кечелерди уюштуруу, спирттик ичимдиктерди ичүүгө катуу тыюу салынат.
4.Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү.
1.Сүннөт той бир күндө өткөрүлөт, майда 1 жандык союулуп жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүлөт.
2.Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз, үй-бүлөлүк майрам катары белгиленет.
3.Ажыдан зыярат кылып келген жарандар менен учурашып элдик тойго айландыруу жокко чыгарылат.

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/5 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы электр мамычыларын алмаштыруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана айыл башчылардын маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
12-июль 2022-жыл № 13/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-майындагы №12/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коом жөнүндө” Мыйзамына таянып, айыл аймагында жайгашкан аянты 1755,00 чарчы метр болгон №5-01-11-1001-0270 сыр белгисиндеги эски тоют сактоочу яманын ордуна жемиш сактоочу кампаны курууга кошумча 1945 чарчы метр жер аянтын кошуп берүү, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү, жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
30-июнь 2022-жыл № 14/1 Жаңы-Алай айылы
.
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин II-кварталынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2022-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7–чакырылышынын кезексиз 14–сессиясы токтом кылат:
1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
|
КН |
Беренелердин аталышы |
Берене |
Бардыгы |
I I -кв |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
1 |
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321200 |
52,0 |
|
52,0 |
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
|
52,0 |
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын сметасынын төмөндөгү такталган планга өзгөртүү жагы каралсын
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы
|
Беренелердин аталышы
|
Берене
|
Бардыгы |
I I -кв |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
|||||
|
709 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
52,0 |
|
52,0 |
|
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
|
52,0 |
3.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII–чакырылышынын кезексиз XV–сессиясынын
ТОКТОМУ
04-июль 2022-жыл. №15/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2023-жылга долбоору жана 2024-2025- жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII–чакырылышынын кезексиз XV–сессиясы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2023-жылга долбоору жана 2024-2025- жылдарга карата болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н Арапбаеванын 2022-жылдын 27-июнундагы билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин докладын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга долбоору 8299,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 4953,0 миң сом, өздүк кирешелер 2901,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга болжолдуу долбоору 8451,4 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 5049,6 миң сом, өздүк кирешелер 2956,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга болжолдуу долбоору 9431,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 5984,3 миң сом, өздук кирешелер 3001,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
4.Корголгон беренелердин (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүүлөр,тамак-аш азыктарын сатып алуу,көмүр,отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А Пармановго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
18-июль 2022-жыл. № 16/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнун такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз XVI кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын III -кварталына бекитилген сметасына республикалык бюджеттен каралуучу максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
|
КН |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
||||
|
1
|
Максаттуу трансферт |
13321100 |
52,0 |
52,0 |
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
52,0 |
2.Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизип берүү каралсын
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
|||||
|
70911 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү |
2 215 |
52,0 |
52,0 |
|
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
52,0 |
3. Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
10-август 2022-жыл № 17/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө,
балдар бакчаларына атайын каражаттан түшкөн каражатты жана анын чыгаша бөлүгүн 2022-жылдын III, IV-кварталына
планга киргизүү жана такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы токтом кылат:
I.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жана балдар бакчаларына ата-энелерден түшкөн атайын каражат III- IV кварталдын планына киргизилсин.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III-кварталга |
IV-кварталга |
||
|
көбөйтүү |
азайтуу |
көбөйтүү |
Азайтуу |
||||
|
|
|
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы |
11111100 |
460,0 |
|
|
|
|
|
|
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321200 |
|
25,3 |
|
|
|
709 |
Бала бакча |
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы |
14232400 |
170,0 |
|
170,0 |
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
630,0 |
25,3 |
170,0 |
|
II.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III -кварталга |
IV-кварталга |
||
|
көбөйтүү |
азайтуу |
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
|
Аппарат |
Суткалык чыгаша |
22111300 |
50,0 |
|
|
|
|
701 |
Аппарат |
Дагы башка транспорт кызматын көрсөтү |
22141900 |
25,2 |
|
|
|
|
706 |
ЖКХ |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
189,8 |
|
|
|
|
|
ЖКХ |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31113290 |
150,0 |
|
|
|
|
709 |
Бала бакча |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
30,0 |
25,3 |
|
|
|
|
Бала бакча |
Тамак-аш азыктарын алуу |
22181100 |
170,0 |
|
170,0 |
|
|
|
Балдар бакчасы |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31123390 |
15,0 |
|
|
|
|
Бардыгы: |
630,0 |
25,3 |
170,0 |
|
|||
III. Жогорудагы ата-энелерден түшкөн атайын каражатты 2022-жылдын III,IV-кварталдын планына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
IV. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл окмот башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБнүн башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
V. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык–экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/2 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө, билим берүү мекемелеринин директорлорунун маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө билим берүү мекемелеринин директорлорунун маалыматы жактырылсын.
2.Билим берүү мекемелеринин имаратына жасалган кезектеги оңдоп түзөө иштеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүү билим берүү мекемелеринин директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө айылдык кеңештин Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/3 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл аймагынын а социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34- беренесинин 2-пунктунун негизинде жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсү жактырылсын.
2.Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык балдар бакчасынынын полдорун ондоп түзөөгө 200,0 миң сом, Жаңы-Алай айылына курулуп жаткан эс алуучу жайга 456,0 миң сомдук инвентарларды алууга, күз-кыш мезгилине даярдык үчүн 44,0 миң сом акча каражаты Республикалык бюджеттен суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XVIII-сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл №18/4 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 18-сессиясы токтом кылат:
1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III-квартал |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
701 |
Аппарат |
Телефондук кызмат көрсөтүү жана факсимилдик байланыш |
22122100 |
|
11,2 |
|
701 |
Аппарат |
Дагы башка байланыш кызматтын көрсөтүү |
22122900 |
|
9,0 |
|
701 |
Аппарат |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
80,0 |
|
701 |
Аппарат |
Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу |
31123290 |
|
2,2 |
|
701 |
Аппарат |
Суткалык чыгаша |
22111300 |
18,0 |
|
|
704 |
Эконом.маселелер |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
12,0 |
|
706 |
ЖКХ |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
18,8 |
|
709 |
Балдар бакчасы |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31113290 |
|
44,6 |
|
709 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
20,0 |
|
|
709 |
Орто мектеп |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
4,9 |
|
|
709 |
Орто мектеп |
Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар |
22211100 |
180,0 |
|
|
710 |
Соцкоргоо |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
45,1 |
|
Бардыгы: |
222,9 |
222,9 |
|||
2.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
29-август 2022-жыл. № 19/1 Жаңы-Алай айылы
Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасы жөнүндө
Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасы боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасында көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын жолберилген бузууларын, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды чететтүү боюнча чаралар көрүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бирдиктүү салык декларациясы менен байланышкан талаптарын сактоо менен иш алып баруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарына эскертүү берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Айылдык кеңештин төрагасы: М. И. Макенов