
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
Т О К Т О М У
29-январь 2022-жыл. № 10/10 Жаңы-Алай айылы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментинин 16.02.2022-жылдын №20-01-1-3364 катын негиздеп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» келишимдин долбоорун угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү» типтүү келишим бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.
2.Алты айдын жыйынтыгы менен берилген план тапшырмалардын так аткарылуусун камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/2 Жаңы-Алай айылы
Жемиш сактоочу “Жаны-Алай Кампа” ишканасын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коом жөнүндө” Мыйзамына таянып айыл аймагында жайгашкан аянты 1755,00 чарчы метр болгон №5-01-11-1001-0270 сыр белгисиндеги эски тоют сактоочу яманын ордуна жемиш сактоочу кампа куруп, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү, жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан аянты 1755,00 чарчы метр болгон эски тоют сактоочу яманын ордуна жемиш сактоочу кампа куруу максатында “Кыргызиндустрия” ААК жана Жаңы-Алай айыл өкмөтү уюмдаштыруучулар (учредитель) болуп, “Жаңы-Алай Кампа” ачык акционердик коому (ААК) түзүлсүн.
2.“Жаны-Алай Кампа” ачык акционердик коомун түзүү учурунда акциялар үчүн төлөм катары №5-01-11-1001-0270 сыр белгисиндеги 1755,00 чарчы метр жер участогу (акчалай катары бааланып) ѳткѳрүп берилсин жана аны аткаруу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана акчалай баасы бекитилсин.
3.Уставдык капитал катары Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Жаңы-Алай айыл өкмөтү уюмдаштыруучу(учредитель) болуп “Жаңы-Алай” ачык акционердик коомун (ААКны) мамлекеттик каттоолордон өткөрүү, тийиштүү иш кагаздарын (уставын, уставдык капиталдык аныктоо, коомду башкаруу органын түзүү жана башка) даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция жана жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/3 Жаңы-Алай айылы
“Кымыз-Булак” ИСКАКБ боюнча ичкенге жарактуу сууга тарифин убактылуу бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы №445 токтому менен бекитилген “Мамлекет башкарган чарбалык субьектилердин баасын (тарифтерин) аныктоо тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2022-жылдын 1-мартынан 1куб суунун төлөмү 19сом өлчөмүндө убактылуу тарифи бекитилсин.
2.Ушул токтом суу пайдалануучуларга жеткирилсин.
3. “Кымыз-Булак” ИСКАКБирикмесине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин бөлүмү менен баасы макулдашылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендиририлсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/4 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, «Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө» Жобону кароо жөнүндө 08.04.2022-жылдагы элдик жыйындын №5/1 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, «Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө» Жобону кароо жөнүндө 08.04.2022-жылдагы элдик жыйындын №5/1 протоколу жактырылсын.
2.“Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
3. Жобонун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов
БЕКИТЕМ
Жаңы-Алай айыл айылдык кеңешинин
төрагасы____________М.Макенов
“______”____________2022-ж
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4.Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүнүн тартиби
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6.Жергиликтүү комиссия.
7.Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике(үйлөнүү ) той, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б кирет.
Айылда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
1.Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын эсебинен 200 адамга чейин үйлөрүндө (чакан кафелерде) конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Элге той берүүдө бир баш майда жандык союлуп, чакырылган коноктор гана келип катышып кетишет (бирок жылкы союуга уруксаат берилет). Башка бардык жөрөлгөлөргө тыюу салынат.
2.Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан баардык иш-чараларда эки жаштын ата-энелерине жана эки жашка гана белектер, кийиттер берилет. Тойго катышып жаткан башка туугандарга конокторго белек берүү сый кийимдерди тартулоонун баардыгына жол берилбейт.
3.Тойдон кийинки кыз көрдү, отко кирүү, төркүлөтүү ж.б. эки куданын үй-бүлөсү арасында 15 адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
4.Кызга сеп берүүдө 4 жууркан, 6 эт төшөк, 8 жер төшөк 2 килем жана турмуш тиричиликке зарыл керектүү гана буюмдар берилет.
5.Кыз тарапка бата той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпайт.
6.ЗАГС никени каттоодо 1 жеңил машина 1 БУС кичи автобуска уруксаат берилет.
7.Кызга калын берүүдө эки тараптын макулдашуусу менен ишке ашырылат.
8.Тойлор жана ырым-жырымдар дем алыш күндөрү саат 10 дон 22.00 чейин ал эми жумуш күндөрү 18.00дөн 23.00 гө чейин өткөрүлөт.Баардык иш-чаралар ичкиликсиз болот.
9.Эки жашка нике кыюуга мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана уруксаат берилет.
2.Сөөк коюуга аза күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдар аш-түлөө берүүнүн салттык тартиптери.
1.Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүлөрдүн жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
2.Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун туугандарына жана жакындарына кабарлоо, аларды тосуу, жайгаштыруу, кайра узатуу, сөөктү коюунун убак саатын белгилөө, жайын каздыруу аксакалдар кеңешинин жетекчиси менен айыл башчы аркылуу уюштурулат. Сөөк чыккан үйдө эч кандай дастаркон жайылбайт. Бодо мал союулбайт,кийит кийгизилбейт, жыртыш жыртылбайт, майда барат буюмдар берилбейт.
3.Маркумдун сөөгүн жууганга баш аяк сарпай берилбейт.
4.Өзү жашаган калктуу конушка келип, каза болгон жакынына куран окутууга 1 кой союуга уруксаат берилет. Куран окутканда түрдөп салат жасоо дастарконду эбегейсиз жасоого жол берилбейт.
5.Аза күткөн кайгыга кабылган, жетим жесир болсо муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылууга уруксаат берилет. Каражат жагынан да жардам берүүгө болот.
6.Сөөк коюудан кийин маркумдун үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттык деген иш-чаралар токтотулат. Маркумду эскерүү
куран окуп бата кылуу менен гана өткөрүлөт. Башка жасалып жүргөн жөнү жок жөрөлгөлөр болбойт.
3.Туулган күн белгилөө.
Туулган күн белгилөө мамлекеттик ишканаларда туулган күн өткөрүү кечелерди уюштуруу, спирттик ичимдиктерди ичүүгө катуу тыюу салынат.
4.Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү.
1.Сүннөт той бир күндө өткөрүлөт, майда 1 жандык союулуп жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүлөт.
2.Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз, үй-бүлөлүк майрам катары белгиленет.
3.Ажыдан зыярат кылып келген жарандар менен учурашып элдик тойго айландыруу жокко чыгарылат.

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
15-май 2022-жыл. № 12/5 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы электр мамычыларын алмаштыруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл башчылардын маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айыл башчылары тарабынан электр мамычалары боюнча берилген маалыматы жактырылсын.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы электр мамычыларын алмаштырууга Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчычы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
12-июль 2022-жыл № 13/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-майындагы №12/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коом жөнүндө” Мыйзамына таянып, айыл аймагында жайгашкан аянты 1755,00 чарчы метр болгон №5-01-11-1001-0270 сыр белгисиндеги эски тоют сактоочу яманын ордуна жемиш сактоочу кампаны курууга кошумча 1945 чарчы метр жер аянтын кошуп берүү, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү, жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-майындагы №12/2 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин, анда 1-пункта көрсөтүлгөн жер аянтынын саны 3700 чарчы метр деп көрсөтүлсүн.
2.Токтомдун калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
30-июнь 2022-жыл № 14/1 Жаңы-Алай айылы
.
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин II-кварталынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2022-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7–чакырылышынын кезексиз 14–сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
|
КН |
Беренелердин аталышы |
Берене |
Бардыгы |
I I -кв |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
1 |
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321200 |
52,0 |
|
52,0 |
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
|
52,0 |
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын сметасынын төмөндөгү такталган планга өзгөртүү жагы каралсын
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы
|
Беренелердин аталышы
|
Берене
|
Бардыгы |
I I -кв |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
|||||
|
709 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
52,0 |
|
52,0 |
|
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
|
52,0 |
3.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII–чакырылышынын кезексиз XV–сессиясынын
ТОКТОМУ
04-июль 2022-жыл. №15/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2023-жылга долбоору жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII–чакырылышынын кезексиз XV–сессиясы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2023-жылга долбоору жана 2024-2025-жылдарга карата болжолдуу планын бекитүү боюнча, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга долбоору 8299,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчү грант 4953,0 миң сом, өздүк кирешелер 2901,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга болжолдуу долбоору 8451,4 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 5049,6 миң сом, өздүк кирешелер 2956,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга болжолдуу долбоору 9431,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчү грант 5984,3 миң сом, өздук кирешелер 3001,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
4.Корголгон беренелердин (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык –экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
18-июль 2022-жыл. № 16/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнун такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз XVI кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын III кварталына бекитилген сметасына республикалык бюджеттен каралуучу максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
|
КН |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
||||
|
1
|
Максаттуу трансферт |
13321100 |
52,0 |
52,0 |
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
52,0 |
2.Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизип берүү каралсын
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
|||||
|
70911 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү |
2 215 |
52,0 |
52,0 |
|
|
|
Бардыгы |
|
52,0 |
52,0 |
3. Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык –экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
Жаңы-Алай айылы №17/1 10-август 2022-жыл
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө, балдар бакчаларына атайын каражаттан түшкөн каражатты жана анын чыгаша бөлүгүн 2022-жылдын III,IV-кварталына планга киргизүү жана такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жана балдар бакчаларына ата-энелерден түшкөн атайын каражат III-IV кварталдын планына киргизилсин.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III-кварталга |
IV-кварталга |
||
|
көбөйтүү |
азайтуу |
көбөйтүү |
Азайтуу |
||||
|
|
|
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы |
11111100 |
460,0 |
|
|
|
|
|
|
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321200 |
|
25,3 |
|
|
|
709 |
Бала бакча |
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы |
14232400 |
170,0 |
|
170,0 |
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
630,0 |
25,3 |
170,0 |
|
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III -кварталга |
IV-кварталга |
||
|
көбөйтүү |
азайтуу |
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
|
Аппарат |
Суткалык чыгаша |
22111300 |
50,0 |
|
|
|
|
701 |
Аппарат |
Дагы башка транспорт кызматын көрсөтү |
22141900 |
25,2 |
|
|
|
|
706 |
ЖКХ |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
189,8 |
|
|
|
|
|
ЖКХ |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31113290 |
150,0 |
|
|
|
|
709 |
Бала бакча |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
30,0 |
25,3 |
|
|
|
|
Бала бакча |
Тамак-аш азыктарын алуу |
22181100 |
170,0 |
|
170,0 |
|
|
|
Балдар бакчасы |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31123390 |
15,0 |
|
|
|
|
Бардыгы: |
630,0 |
25,3 |
170,0 |
|
|||
3.Жогорудагы ата-энелерден түшкөн атайын каражатты 2022-жылдын III,IV-кварталдын планына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБнүн башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык–экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.
2.2022-жылдын тогуз айлыктын жыйынтыгы менен бардык берилген план тапшырмалардын так аткарылуусун камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М. Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/2 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө, билим берүү мекемелеринин директорлорунун маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жаңы окуу жылына жана 2022-2023-күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө билим берүү мекемелеринин директорлорунун маалыматы жактырылсын.
2.Билим берүү мекемелеринин имаратына жасалган кезектеги оңдоп түзөө иштеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүү билим берүү мекемелеринин директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл. № 18/3 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл аймагынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсү жактырылсын.
2.Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык балдар бакчасынынын полдорун ондоп түзөөгө 200,0 миң сом, Жаңы-Алай айылына курулуп жаткан эс алуучу жайга 456,0 миң сомдук инвентарларды алууга, күз-кыш мезгилине даярдык үчүн 44,0 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттен суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XVIII-сессиясынын
ТОКТОМУ
15-август 2022-жыл №18/4 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 18-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
III-квартал |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
701 |
Аппарат |
Телефондук кызмат көрсөтүү жана факсимилдик байланыш |
22122100 |
|
11,2 |
|
701 |
Аппарат |
Дагы башка байланыш кызматтын көрсөтүү |
22122900 |
|
9,0 |
|
701 |
Аппарат |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
80,0 |
|
701 |
Аппарат |
Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу |
31123290 |
|
2,2 |
|
701 |
Аппарат |
Суткалык чыгаша |
22111300 |
18,0 |
|
|
704 |
Эконом.маселелер |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
12,0 |
|
706 |
ЖКХ |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
18,8 |
|
709 |
Балдар бакчасы |
Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу |
31113290 |
|
44,6 |
|
709 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
20,0 |
|
|
709 |
Орто мектеп |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
4,9 |
|
|
709 |
Орто мектеп |
Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар |
22211100 |
180,0 |
|
|
710 |
Соцкоргоо |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
45,1 |
|
Бардыгы: |
222,9 |
222,9 |
|||
2.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
29-август 2022-жыл. № 19/1 Жаңы-Алай айылы
Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасы жөнүндө
Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасы боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Алай районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-886-2022 сандуу сунуштамасында көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын жол берилген бузууларын, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды чететтүү боюнча чаралар көрүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бирдиктүү салык декларациясы менен байланышкан талаптарын сактоо менен иш алып баруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарына эскертүү берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
12-сентябрь 2022-жыл. № 20/1 Жаңы-Алай айылы
Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде, Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 2022-жылдын 5-ноябрында жергиликтүү курултай өткөрүлсүн.
2.Жаңы-Алай айыл аймагында жергиликтүү курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча, уюштуруу комиссиясы түзүлсүн. (№1 тиркеме тиркелет)
3.Жаңы-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча, өткөрүлө турган жыйындардын графиги жана жооптуулардын тизмеси бекитилсин.(№2 тиркеме тиркелет)
4.Жергиликтүү курултай боюнча айыл тургундарына кабарлоо жана ушул айыл аймакта туулуп өскөн, айыл аймактын өнүгүүсүнө кызыкдар болгон активдүү жарандарга жекече маалымдоону жеткирүү жагы жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
5.Жергиликтүү жамаатарынан Элдик курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протокодорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2022-жылдын 10-ноябрына чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.
6.Жергиликтүү курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча ар тараптан көмөк көрсөтүү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге, иш кагаздарын алып баруу жооптуу катчы А.Батыралиевага милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин
12-сентябрь 2022-жылдын
№20/1 токтомуна №1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Жаңы-Алай айыл аймагында жергиликтүү курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча, уюштуруу комиссиясынын курамы:
1. М.Макенов айылдык кеңештин төрагасы- Уюштуруу тобунун төрагасы;
2. Зарипбек уулу Бекзат айылдык кеңештин орун басары- катчысы;
Мүчөлөрү:
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы: А.Батыралиева
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин
12-сентябрь 2022-жылдын
№20/1 токтомуна №2 тиркеме
Жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы санын, айылдар боюнча элдин санына карата делегаттарды көрсөтүү нормасы, делегаттарды шайлоо боюнча жер-жерлерде элдик жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси:
|
№ |
Айылдардын аталышы |
Туруктуу айыл калкынын саны |
Айыл калкы % менен |
|
Жергиликтүү Элдик курултайга |
|||||
|
Жергиликтүү курултайга шайлануучу делегаттардын саны |
Анын ичинен |
Шайлоо өткөрүлүүчү жайы |
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы |
Шайлоо өткөрүүгө жооптуу депутаттардын аты-жөнү |
Шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери |
|||||
|
Эркектер (70%) |
Аялдар (30%) |
|||||||||
|
1 |
Жаңы-Алай |
2974 |
64,5% |
19 |
13 |
6 |
Жаңы-Алай маданият үйү |
15.10.2022. 11:00 |
М.Макенов, М.Мамытов, К.Тоготой, Г.Исмаилова |
Б.Эшиев Б.Атырова |
|
2 |
Жаңы-Арык |
1641 |
35,5% |
14 |
10 |
4 |
И.Умаров мектеби |
17.10.2022. 11:00 |
Ж.Пазылова, Э.Исаков, Зарипбек уулу Бекзат
|
Хусанов Айтбай Кенгашович |
|
3 |
Беш-Кашар конушу |
|
|
7 |
5 |
2 |
С.Ашимов орто мектеби |
16.10.2022. 11:00 |
Таалайбек уулу Чыңгыз, Н.Арапбаева, А.Шаңыяева |
А.Апишов |
|
4 |
Жалпы: |
4615 |
100% |
40 |
28 |
12 |
|
|
|
|
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы: А. Батыралиева

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясынын
ТОКТОМУ
Жаңы-Алай айылы № 21/1 26-сентябрь 2022-жыл
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнун такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын III кварталына бекитилген сметасына республикалык бюджеттен каралуучу максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
|
КН |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
||||
|
1
|
Максаттуу трансферт |
13321200 |
44,0 |
44,0 |
|
|
Бардыгы |
|
44,0 |
44,0 |
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
Бардыгы |
III -квартал |
|
көбөйтүү |
|||||
|
70911 |
Орто мектеп |
Таш көмүрдү сатып алуу |
2 224 |
44,0 |
44,0 |
|
|
|
Бардыгы |
|
44,0 |
44,0 |
2.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүү бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын
Т О К Т О М У
11-октябрь 2022-жыл. № 22/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан №501-11-100-0867 сыр сандуу бала бакчага берилген обьект, 0,13 га жер аянты менен медициналык тармакка, үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна берүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 10-октябрындагы Жаңы-Алай айылында өтүлгөн №14 элдик жыйындын протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 1-2-пунктарына ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан №501-11-100-0867 сыр сандуу бала бакчага берилген обьект, 0,13 га жер аянты менен медициналык тармакка, үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна берилсин.
2.Бул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
3.Дем берүүчү грант эсебинен үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун оңдоп түзөө иштерине өздүк салым үчүн акча каражаты, 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине сунушталсын жана бөлүнүп берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
03-ноябрь 2022-жыл № 24/1 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында аткарган иштери жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында аткарган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын тогуз айында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.
2.Жылдын жыйынтыгы менен бардык берилген план тапшырмалардын так аткарылуусун камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
03-ноябрь 2022-жыл № 24/2 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
2022-жылдын 09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколунун жана «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2022-жылдын 09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколу менен Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын, И.Умаров деп атоо жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы: М.Макенов

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
03-ноябрь 2022-жыл № 24/3 Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын IV-кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына өзгөртүү киргизүү максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
|
Бөлүм |
Бөлүмдүн аталышы |
Беренелердин аталышы |
берене |
IV-квартал |
|
|
көбөйтүү |
азайтуу |
||||
|
701 |
Аппарат |
Таш көмүрдү сатып алуу |
22241100 |
|
56,0 |
|
701 |
Аппарат |
Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу |
31123290 |
15,0 |
|
|
706 |
ЖКХ |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
102,0 |
|
|
708 |
Клуб |
Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу |
31123290 |
20,0 |
|
|
709 |
Балдар бакчасы |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
|
77,5 |
|
709 |
Балдар бакчасы |
Таш көмүрдү сатып алуу |
22241100 |
|
3,9 |
|
709 |
Орто мектеп |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
2 2154900 |
88,8 |
|
|
709 |
Орто мектеп |
Таш көмүрдү сатып алуу |
22241100 |
|
46,4 |
|
710 |
Соцкоргоо |
Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү |
22154900 |
|
42,0 |
|
Бардыгы: |
225,8 |
225,8 |
|||
2.Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: М.Макенов