Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2- сессиясынын
Т О К Т О М У
29-ноябрь 2024-жыл
№ 2/3
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламентинин негизинде даярдалган Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2-сессиясында талкуулап токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын  өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү регламентинин негизинде даярдалган  Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
  2. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Зарипбек уулу Бекзатка жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү  планын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/8
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь “125 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүүнү карап, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024 - .жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2025-жылдын   бекитилген   жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана  такталган планга  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 8-сессиясынын
Т О К Т О М У
04-юинь 2025-жыл
№ 8/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 04.07.2025-жылдагы № 3 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык,                        Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга сметадагы салыктык кирешеердин кээ бир түрүнө кошумча берилген  планына өзгөртүү  киргизүү жагы  каралсын.

 

КН

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

II -квартал

III-квартал

көбөйтүү

азайтуу

көбөйтүү

азайтуу

1

 

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

11312120

-415,0

 

223,6

 

191,4

2

Айыл чарба  жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

11321200

-60,2,0

 

60,2

 

 

 

Бардыгы

 

-475,2

 

283,8

 

191,4

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизип берүү  жагы  каралсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

II -квартал

III-квартал

көбөйтүү

азайтуу

көбөйтүү

азайтуу

70429

Эконом маселе(жайыт)

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

-10,0

 

10,0

 

 

70491

Эконом маселе(др)

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу кызмат көрсөтүү

3112

-273,8

 

273,8

 

 

70491

Эконом маселе(др)

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

-191,4

 

 

191,4

 

 

 

Бардыгы

 

-475,2

 

283,8

191,4

 

 

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай финансы  башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 8-сессиясынын
Т О К Т О М У
04-июль 2025-жыл
№ 8/2
Жаңы-Алай айылы
“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “ Кызмат” мамлекеттик мекемесининин 2025-жылдын 6-июнундагы № 4767 сандуу катын негиз кылып “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү ” келишимдин долбоорун угуп, талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын  “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын  Президентинин Иш башкармасына караштуу “ Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн  “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү ” келишими бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Лизинге кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2025-жыл
№ 9/1
Жаңы-Алай айылы
Лизинге кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине жана “Мамлекеттик лизинг копмпаниясы” ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай Айыл өкмөтүнүн башчысы  Кеңешов Даанышбек Ажимуратович  Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.

2.Лизинге алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Жаңы - Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.

3.Жаңы - Алай айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.

4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков